• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Теңизбаев: Матраимов менен байланышы бар адамдар жоопко тартылышы керек

28 Жалган куран 2024 10:53 Бишкек Govori.TV

Райымбек Матраимов менен түздөн түз байланышы бар адамдар жоопко тартылышы керек. Бул тууралуу пикирин Govori.ТVнын «Майдан» дебатында саясат талдоочу Айбек Теңизбаев билдирди.

Анын айтымында, акыркы толкундоонун негизги себеби Райымбек Матраимов болгон.

«Матраимовдон улам коомчулукта чоң толкундоолор, митингдер болуп, төңкөрүш ишке ашкан. Эң башкы себеп Матраимов. Ал учурда анын үй-бүлөсүнүн бийлиги аябай бекем, кенен жайылган болчу. Жогорку Кеңешке шайлоодо биринчи болуп келди. Матраимовдун саясий партиясы «Мекеним Кыргызстан» деп аталат, ал шайлоодо биринчи болуп утуп келген. Азыркы бийликтин саясий миссиясы жана имиджи Райымбек Матраимов менен түздөн түз байланышкан», — деди ал.

Ал өз сөзүндө, Матраимовдун кармалышы менен «чоң окуялар», «былыктар» да чыгышы мүмкүн экенин кошумчалады.

27-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду 26-апрелге чейин камакта калтырды.

Матраимовго учурда Кылмыш-жаза кодексинин 169 («Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу»), 222инчи («Кылмыштуу жол менен тапкан кирешелерин мыйзамдаштыруу» (адалдоо) беренелери менен айып тагылды.

Атайын кызмат эл аралык издөөдө Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдорду 26-мартта Азербайжандын борбору Баку шаарынан Бишкекке алынып келгенин билдирген. Мурдагы бажычынын туугандарынын бөгөт чарасы 27-мартта Ош шаардык сотунда каралды.

Количество просмотров: 75