• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Сот журналисттер Бузумов, Султаналиев, Асыпбековду үй камагына чыгарды

9 Чын куран 2024 15:30 Бишкек Govori.TV

Журналисттер Жоодар Бузумов, Тыныстан Асыпбеков, Сайпидин Султаналиев жана «Temirov Live» каналынын мурдагы кызматкери Максат Тажыбек уулу үй камагына чыкты.

Мындай чечимди бүгүн, 8-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды, алар 30-майга чейин үй камагында болот.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 17-январында Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.

Кийин үчөө үй камагына чыккан.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Количество просмотров: 121