Бүгүн, 30-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна Президенттик аппараттын мурунку башчысы Фарид Ниязов жана Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары жеткирилди. Алардын баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартуу маселеси каралып, Фарид Ниязовду 9-декабрга чейин камакта калтыруу чечими чыкты. Ушундай эле чечим Амантур Жамгырчиев жана Марат Шаменовго карата да чыкты.
Буга чейин соттун чечими менен Фарид Ниязов, Алга Кылычов, Амантур Жамгырчиев, Кыяс Смаилов, Фархад Баабиев, Карыпбек уулу Рыспек, Марат Шаменов 8-октябрга чейин убактылуу камакка алынган (СИЗО-1 мекемесинде). Алар 7-8-августта Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу «Адамдарды барымтага алуу» жана «Массалык баш аламандык уюштуруу» беренелери боюнча айыпталып жатышат.