• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соцфонд: Январда пенсияга каражат жетпей калышы мүмкүн

17 Бештин айы 2020 16:42 Бишкек Govori.TV

Январь айында пенсия төлөөгө каражат жетпей калуу кооптуулугу бар. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Соцфонддун бюджетинин дефицити 2020-жылга карата 1 миллиард 333 миллион сомду түздү. Мурда ашыкча каражаттарды коммерциялык банктарга депозитке салчубуз. Ал жактагы 1,3 миллиард сомду жана резерв фондундагы 800 миллион сомду коротуп бүттүк. Ар бир айдын онунда эптеп акча чогултуп берип жатабыз. Азыр декабрь айына пенсияларды төлөп беребиз. Ал эми январь айы үчүн Салык кызматы декабрда планды толтурганына жараша болот. Ошого карабай биз алдын ала Финансы министрлиги менен макулдаштык, жетпей калса жардам берет», — деди Жуматаева.

Белгилей кетсек, бүгүн 17-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун 2019-жылдагы ишмердиги тууралуу отчету берилип, 2021-жылга карата прогноздор айтылды. 

Количество просмотров: 1562