КСДП фракциясы вице-премьер-министр Даир Кенекеевдин жана күч структураларынын өкүлдөрүнүн кылмыштуулук менен күрөшүү жана ишкердикти коргоо боюнча докладына нааразы болушту. Фракция мүчөлөрү бүгүнкү жыйындын стенограммасын Сапар Исаковго жөнөтүүнү чечишти.
«Өкмөт башчы командасынын деңгээлин билиши керек»-дешет социал-демократтар.
Фракция лидери Иса Өмүркулов министрлер бир дагы суроого так жооп бере албагандыгын, фактыларды депутаттар өзүлөрү келтирип жатышкандыгын айтты.
Жыйынтыгында КСПД фракциясы өкмөттүн бүгүнкү докладын канаттандыраарлык эмес деп табышты.