• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

«Социал-демократтардын» митингинде чыр чыкты

5 Тогуздун айы 202012:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында «Социал-демократтар» саясий партиясынын мүчөлөрү жана тарапташтары митинг өткөрүүдө. Алар парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай тургандыктарын, шайлоо таза өтпөгөнүн, админстративдик ресурстар колдонулганын айтышып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышууда.

Ал арада белгисиз адамдар келип, 7-апрелдеги төңкөрүлүштө курман болгондорго арналган эстеликтен кетүүнү айтышып, чогулгандарды башка жакка барууларын талап кылышты.

“Бул жерде биздин жакындарыбыздын каны төгүлдү” деп кыйкырышат өздөрүн “Айкөл Ала-Тоо” жана “Мекен Шейиттери” коомдук бирикмелеринин мүчөлөрү деп тааныштырган адамдар.

Кыргызстанда кечээ, 4-октябрда парламенттик шайлоо болду. Анын алдын ала жыйынтыгы боюнча төмөнкү партиялар жети пайыздык босогодон өттү:

«Биримдик» — 24,53 пайыз;
«Мекеним Кыргызстан» — 23,90%;
«Кыргызстан» — 8,74%;
«Бүтүн Кыргызстан» 7,09%.

Количество просмотров: 452