УКМК тарабынан социалдык тармактар аркылуу аймактар аралык араздашууну козуткан жаранды кармады.
Маалыматка ылайык, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан «TikTok» социалдык тармагындагы баракчасына Кыргыз Республикасынын облустарынын биринен келген жарандардын дарегине уят жана кемсинткен сөздөрдү камтыган видеотасманы жана билдирүүлөрдү ачыкка чыгарган Ала-Бука районунун тургуну «А.у.А.» кармалды.
«Атап айтканда, өз сөзүндө «А.у.А. конкреттүү региондун жашоочуларынын кадыр-баркын кемсинткен орой сөздөрдү жана риториканы колдонгон, бул өлкөбүздүн аймактар аралык маселелерге байланыштуу белгилүү бир сезимталдыгын эске алуу менен чыр-чатакты жаратышы мүмкүн. «А.у.А.» га карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинде(«расалык, этностук, улуттук же регион аралык кастыкты (араздашууну) козгоо») каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду»,-деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле УКМК улуттук, регионалдык, расалык же башка белгилер боюнча жек көрүүчүлүктү же кастыкты козутуунун ар кандай түрлөрү кылмыш жазасына тартыла тургандыгын эскертет.