• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Сотто чыр чыкты

11 Кулжа 2019 11:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.06.2019.Govori.TV.

Бишкектин Ленин райондук соту бүгүн, 11-июнда мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун ишин кароону улантууда.

Жараянда адвокаттардын бири кечиккенине байланыштуу ишти карап жаткан судья Кубанычбек Касымбеков жарым сааттык тыныгуу жарыялады. Тыныгуу маалында айыпталуучулардын жакындары менен сот аткаруучулардын ортосунда кайым айтышуу болду. Сотко катышып жаткан журналисттер буга залда орун жетишпегени себеп болгонун билдиришти. Маалыматка караганда, сот аткаруучулар менен конвой бош орундарга адвокаттар менен айыпталуучулар отурат деген жүйө менен залга батпай калгандарды киргизген эмес. Бул туурасында “Азаттык” жазды.

Кулматов менен Ибраимов мүчө болгон Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) сотто конвой өз ыйгарым укуктарынан аша чапканын, залды видеого тартууну көздөгөн «Апрель» каналынын журналисттерин кууп чыкканын билдирди.

Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов «мектеп курууга кеткен эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп күнөөлөнгөн.

Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Бул иштерди бөлүп кароо боюнча адвокаттардын өтүнүчү канааттандырылган эмес. Аны бириктирип кароо тууралуу чечим 6-марттагы жараянда кабыл алынган.

2-майда Ленин райондук соту Кулматов менен Ибраимовду дагы эки айга тергөө абагында кармоо тууралуу чечим чыгарган. Соттук териштирүү мөөнөтү да эки айга узартылган.

Количество просмотров: 5