• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сотто Матраимовдун баш коргоо чарасын кароочу отурум башталбай турат

19 Бирдин айы 2021 18:44 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун баш коргоо чарасын кароо белгиленген убактысынан кечигип жатат.

Расмий маалыматка ылайык, ишти кароо саат беште башталмак, бирок кечки саат алтыдан өткөнүнө карабай, Матраимов сотко жеткириле элек.

Сот имаратына Райымбек Матраимовдун тарапкерлери да чогулуп, аны бошотууну талап кылышууда.

Эске салсак, 18-февралда түштөн бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте сурак берип жатканы кабарланган мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалган.

УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген.

Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту ири коррупциялык схема түзгөн деп айыпталган Райымбек Матраимовго өкүм чыгарган. Сот ага 260 миң сом айып салып, мүлкүн жана банк эсептерин камактан бошоткон. Матраимовго чыккан мындай өкүм коомчулукта түрдүү пикирге жем таштады.

Количество просмотров: 197