• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Сотто Отунбаева 2010-жылдын 13-майында Текебаев ким менен кайда болгонун айтып берди

26 Жетинин айы 201912:14 Бишкек Govori.TV

Экс-президент Роза Отунбаева 2010-жылдын 13-майында Текебаев ким менен кайда болгондугун айтып берди. Бул тууралуу ал бүгүн Биринчи май райондук сотунда саясатчы Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи жана ӨКМ министри Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кароо учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, Леонид Маевский 2010-жылы 13-майда Текебаев менен жолугушканын айткан.

Роза Отунбаева ал кезде Жалал-Абадда кырдаал күчөп, эртең мененки 8.00 убактылуу өкмөт мүчөлөрү жыйын өткөргөнүн маалымдады. Ага Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотонов дагы катышкан.

«12- майда Бишкектин жанындагы Чоң-Таш айлынан анча алыс эмес жерде «Ата-Бейит» көрүстөнүнө барып шейит кеткендерге куран окудук. Түштөн кийин кайрадан баарыбыз жолуктук. Ошол учурда тарыхый чечкиндүү күндөр болчу. Ал эми Дүйшөнкул Чотоновду түштүккө учурдук. Баарыбыз бирге жүргөнбүз. Ал эми Супарага барып, Маевский менен жолуккан деген маалыматтар калп. Биз көптөгөн документтерди чыгарып жаттык анын айрымдарын Өмүрбек Чиркешович өзү жазып жатты. Ал кагаздарга баарынын колу керек болчу. Мен так анык жоопту айткым келет. 12-майда Өмүрбек Текебаев көз алдымда болгон»,-деп билдирди Отунбаева.

Экс-президент Отунбаеванын сөзүн Эмилбек Каптагаев дагы ырастады. Анын айтымында, 13-майда Текебаев конституциялык кеңешменин ишин алып барган.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде, 2017-жылы ар бири сегиз жылдан эркинен ажыратылган. Ушул жылы 29-августта сот алардын бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошоткон.

Количество просмотров: 30