• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сотто Шыкмаматовго сөз берилди (түз эфир)

20 Бирдин айы 2018 10:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.02.18.Govori.TV

Бишкек шаардык соту парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматовдун ишин кароону улантты. Өткөн аптадагы жараяндарда күбөлөр суралып бүттү. Бүгүнү сотто Шыкмаматовго  сөз берилди.

Алмамбет Шыкмаматов ага карата козголгон кылмыш ишинин ойдон чыгарылганын айтып, аны саясий кысым деп атады.

«Бул иш ойдон чыгарылып, токулган, мага карата саясий кысым деп бааласак болот. Башка чара ойлоп таба алышпай ушул унааларга байланыштырып, кылмыш ишин козгошту», — дейт эл өкүлү.

Андан сырткары ал тендердик комиссиянын курамында болбогондугун, андыктан алардын ишине кийлигише албастыгын айтты.

Шыкмаматов суракка алынып бүткөн соң сот түшкү тыныгуу болуп калганына байланыштуу отурумду түштөн кийин улантуу чечимин кабыл алды

Эске сала кетсек, Бишкектин Биринчи Май райондук соту былтыр 19-декабрда Алмамбет Шыкмаматовду Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси («Кылмышка шериктеш болуу»), 304-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча күнөөлүү деп таап, 5 миллион сом айыпка жыккан. Тергөөнүн маалыматында «2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган Шыкмаматов алдын ала сүйлөшүп, өз аялына таандык «Мерседес-Бенц Е320″ автоунаасын 14 миң 600 долларга тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашкан» деп айтылат. Депутат өзүнө коюлган күнөөлөр тергөөдө да, райондук сотто да далилденбегенин, иш саясий негизде козголгонун айтып, шаардык сотко даттанган. Сотто Шыкмаматовго сөз берилди

https://www.facebook.com/Azattyk.unalgysy/videos/1433180516792609/

Количество просмотров: 10