• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Соттон кийин Текебаевдин тарапташтары ал жаткан ооруканага барышты (сүрөт)

21 Баш оона 2019 21:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.08.2019.

Жогорку соттун чечиминен кийин Текебаевдин тарапташтары ал жаткан ооруканага барып жолугуп, куттуктап кайтышты.

Эске салсак, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи, экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун иши жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароого жөнөтүлдү.

Жогорку сот бүгүн ушундай чечим чыгарды. Буга чейинки чечимдердин баары жокко чыгарылды.

Иш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кайра каралмай болду.

Количество просмотров: 12