• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Сотторго буйрук берген Арабаевди соттор соттоду

4 Кулжа 201916:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек.04.06.2019.Govori.TV.

Президенттин аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев Биринчи Май райондук сотунда бөгөт чарасы каралып, Арабаевди 2-июлга чейин камакка алуу чечими чыгып, УКМКнын СИЗОсуна жиберилди.

Буга чейин сотко алынып келген Манас Арабаевди залдагы адамдар каргап-шилеп, «наалат» деп кыйкырышып тосуп алышкан.

Ал эми сотон чыгып бара жатканда залда тургандардын бирөө аны кол сумка менен 2-3 жолу башка койсо, дагы бир жаран аны жумуртка менен чапты. Манас Арабаевди жумуртка менен соккон адам Нарын шаарынын тургуну Нургазы Бакаев экени белгилүү болду. Тилекке каршы андан интервью алганга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Ал эми М. Арабаевдин жактоочусу журналисттерге маалымат берүүдөн баш тартты.

Эске салсак, Президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев 2-июнда камакка алынган.

УКМК тараткан маалымат боюнча, Арабаев чет элдик инвесторлордун объектилерин күч колдонуп басып алган айрым кылмыштуу топтордун кызыкчылыгы үчүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган.

Сотко чейинки тергөө иштери учурунда Арабаевдин жогорудагы кылмыштарга тийиштиги бар экени аныкталып, “Коррупция” беренеси менен Жоруктар менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.


Количество просмотров: 16