• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соттук өкүлчүлүк борборунун мурдагы башчысы кармалды

28 Тогуздун айы 2020 14:28 Бишкек Govori.TV

Экономикалык кылмыштарга күрөш боюнча мамлекеттик кызмат өкмөткө караштуу Соттук өкүлчүлүк борборунун мурдагы директорун кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектүү катары кармады. Бул тууралуу Финансы полициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеме мурдагы директордун инициалык «Ш.Т.» деп маалымат таратты. Бир топ басылмалар ал Тимур Шамбетов экенин белгилешти.

Финансы полициясы билдиргендей, Соттук өкүлчүлүк борборунун кызмат адамдары мамлекеттик бюджетке 12 млн. доллардай (бир млрд. сомго жакын) зыян келтиришкен. Иш боюнча тергөө уланууда.

Экономикалык кылмыштарга күрөш боюнча мамлекеттик кызмат Соттук өкүлчүлүк борборунун ишмердигине байланыштуу кылмыш ишин быйыл сентябрда баштаган. Бул ишке байланыштуу ошол учурдагы финансы министри Бактыгүл Жээнбаева 30-сентябрда Финполго суракка чакырылган.

Количество просмотров: 46