• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Соттук отурумда Нарматова эсин жоготту

27 Бештин айы 2022 15:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-декабрда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтөрдү кароо уланды.

Учурда сотко алынып келинген активист Орозайым Нарматова эсин жоготту. Ал абакта 14-декабрдан бери ачкачылык кармап жатат.

Буга байланыштуу процесс 28-декабрга жылдырылды.

Бишкек шаардык соту Клара Сооронкулова, Перизат Суранова, Гүлнара Журабаева, Жеңиш Молдокматов, Илгиз Шаменов, Али Шабдан, Кубанычбек Кадыров, Кеңешбек Дүйшөбаев, Улукбек Маматаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырып, камакта калтыруу чечимин чыгарган.

«Массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалгандардын ичинен 15тен ашык киши бир нече күндөн бери ачкачылык кармап жатышат. Алардын ичинен Перизат Суранова, Орозайым Нарматова жана Али Шабдандын ден соолугу начарлап жатканы буга чейин айтылган болчу.

Количество просмотров: 10081