Соттун чечимине баш ийбеген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, издөөгө алынган Араван районунун 1997-жылы туулган М.У. аттуу жашоочусу мурда бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
“Буга чейин ал ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоого айыпталып кармалган. Соттун токтомуна ылайык, М.У.га карата 210 миң сом айып салынган. Ушул күнгө чейин М.У. айып пулду төлөбөгөндүгүнө байланыштуу, сот бөгөт чарасын 3 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алган”, -деп белгилешти министрликтен.