• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Соттун чечиминен кийин Текебаевдин жубайы көзүнө жаш алды

21 Баш оона 2019 18:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.08.2019.Govori.TV.

«Ата Мекен” партиясынын мурунку лидери, Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева Жогорку соттун чыгарган чечиминен кийин кубанганын жашыра албай, көзүнө жаш алды. Буюрса баары жакшы болот деген Айгүл Текебаева жолдошунун жактоочуларынын жана ММКлардын өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирди.

Эске салсак, Жогорку сот Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурунку чечимдерди жокко чыгарып биринчи инстанцияга кайтарды.

Эми Биринчи май райондук соту Текебаев менен Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра карап чыгат.

Количество просмотров: 22