• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Өспүрүм кызды артынан калбай аңдыган адамдын видеосу тарады

31 Тогуздун айы 201915:14 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармакта көп кабаттуу үйлөрдүн короосунда өспүрүм кыздын артынан калбай, квартирасына чейин ээрчип барган бейтааныш адамдын видеосу тарап, талкууга түшүп, коомчулукта кооптонууну жаратты.

https://www.youtube.com/watch?v=WOQSK_2EUvE&t=34s

Маалым болгондой, окуя Казакстандын Нур-Султан шаарында болгону айтылды. Үйдүн короосунан лифтке чейин ээрчип барган бейтааныш адамды көрүүгө болот.

Казакстандын тартип сакчылары мындай шектүү адам менен бир лифтке түшүү опурталдуу экенин жана дароо милицияга кабар берүүсүн айтат.

 Эскерте кетсек, Казакстанда педофилдерди түрмөдөн бычып салуу мыйзамы кабыл алынып, жакында алгачкы кылмышкерге операция жасалган.

Количество просмотров: 53