“Ханзада” аттуу чырдагы жабырлануучу кылмышка түрткөндүгү аныкталып, камакка алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2024-жылдын май айында Сокулук айылында 2008-жылы туулган К.Ж. менен 2005-жылы туулган Ч.И. аттуу балдардын ортосунда кастык мамиле жаралып, ага байланыштуу К.Ж. «WatsApp, Messenger» аркылуу Ч.И.нин аталаш тууганы 2008-жылы туулган Б.А. аттуу карындашынын уюлдук телефонуна коркуткан билдирүүлөрдү жөнөтүп, байкеси экөөнө кол салаарын айтып коркутуп, өмүрүнө коркунуч келтирген.
«К.Ж. 2024-жылдын 24-июль күнү саат 20:00 чамасында Сокулук айылынын Калинин көчөсүндөгү даректердин бирине Ч.И.ни чакырып бычак менен кол салууга аракеттенип, бирок анын кылмыштуу ниети аягына чыккан эмес. Бул факт боюнча 2008-жылы туулган К.Ж.га карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 36-122 (Адам өлтүрүгө даярдык көрүү) беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө К.Ж. «Ханзаада» аттуу жаңжалда бутунан жаракат алып жана ошондой эле ал окуянын келип чыгышына түрткү болгон бычак К.Ж.га тиешелүү экени аныкталган.
Кылмыш ишинин алкагында буюм далили катары «WatsApp, Messenger» жана башка социалдык тармактар аркылуу жазган СМСтери алынган»,-деп жазылат маалыматта.
Кошумчалангандай, ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип 2008-жылы туулган К.Ж. аттуу бала Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренеси негизинде кармалып Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Эске салсак, буга чейин өспүрүмдү кордоп жаткан видео тараган. Анда өзүн Принц деп атоону талап кылган жигит жаш балага бутун өптүрүп, андан кийин санына бычак сайганын көрүүгө болот. Бул боюнча Чүй ОИИБи маалымат берип, шектүү кармалып, «Бейбаштык» боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Кийин бул иш «Бейбаштыктан» «Уруп-сабап кыйноого» өзгөртүлгөн.