Бишкектин Ала-Тоо аянтына митингчилер кайрадан чогулууга аракет кылышуууда, интернетте тараган видеодо спецназдар элге кошулганы айтылууда.
Учурда аянттын тегерегинде милиция митингчилерди көздөн жаш агызуучу жана кулак тундуруучу каражаттарды колдонуп таратуусун улантууда.
4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, ага 16 саясий партия катышкан. Жети пайыздык босогодон «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары өттү.
5-октябрда Ала-Тоо аянтында шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого жана жаңы шайлоо өткөрүүгө чакырган митинг өттү. Анда шайлоого катышкан 12 партия БШКдан шайлоону жокко чыгарууну талап кылган билдирүү кабыл алышканы айтылды. Алар шайлоо ыплас өткөнүн белгилешти.