• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Спикер: Ак үйдү оңдоого депутаттар айлыгын бөлүштү

6 Жетинин айы 2020 10:29 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов талкаланган Ак үйдү оңдоп-түзөө иштери үчүн депутаттар айлыктарынан баш тартышканын билдирди.

«Депутаттар айлыгынан баш тартышты. Алардын каражаттары Ак үйдөгү бузулган эшик, терезелерди оңдоого кетет. Андан тышкары демөөрчүлөр да чыгып жатат. Ак үйдү оңдоодо бюджеттен каражат кетпейт», — деди спикер.

Эске салсак, шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон митингчилер 6-октябрда Ак үйдү басып алышкан. Буга чейин депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү үчүн 450 миллион сомго жакын каражат керектеле турганын айткан. Ал эми президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Жапаров Ак үйдү оңдоо иштерине 450 миллион сом кетет экен деген маалымат туура эмес экенин билдирген болчу. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев акыркы кырдаалдардан улам Ак үй оңдоп-түзөө иштерине муктаж экендигин айтып, бирок 90 %дан  кем эмес депутаттар өз иш бөлмөлөрүн, өз чөнтөгүнөн чыгарып оңдоп берүүгө кудуреттери жетерин айтып чыккан.

Количество просмотров: 70