• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Спикер балдар үйүнө акчалай жардам берди

7 Жалган куран 201818:01 Бишкек Govori.TV
Бишкек.07.03.2018.Govori.TV
Жогорку Кеңеш төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн, 7-мартта «Эне-бала мээрими» кризистик борборунун жетекчиси Иса Өмүракунов жана Таалайгүл Арзыматова менен кезикти.
Башында Өмүракунов менен Арзыматованын үй-бүлөсү жалгыз бой энелерге жардамдашып, баладан баш тарпоого көндүрүп келишсе, кийинчерек кризистик борбордун базасында балдар үйүн негиздеп, ата-энеси баш тарткан балдарды тарбиялай башташкан.
Учурда Иса менен Таалайгүл ар курактагы 30 баланы өстүрүп келишет. Бакма балдарды өз-өгөй деп бөлбөйт, балдары чогу тарбияланат.
Жогорку Кеңеш төрагасы Дастанбек Жумабков жолугушууда Өмүракунов-Арзыматовалардын үй-бүлөсүнө ыраазычылык билдирип, алкыш кат жана акчалай жардам көрсөттү.
Количество просмотров: 20