Бишкек.05.04.2019.Govori.TV.
Буга чейин Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы
социалдык тармактарга тарап кеткен спикер Дастан Жумабековдун премьер-министр
Мухаммедкалый Абылгазиевге жолдогон катында каталар кеткенин моюнга алганы белгилүү.
«Жогорку
Кеңештин Аппараты социалдык тармактарда тарап
кеткен документ (№6-993/19) боюнча иликтөө иштерин жыйынтыктады. Тилекке каршы,
аталган документте чыны менен эле одоно каталар орун алган», — деген билдирүү
тараткан парламенттин басма сөз кызматы. Ошондой эле төраганын иш
кагаздарын жүргүзүүгө жооптуу кызматкер — анын кеңешчиси Алмазбек Сабырбеков ээлеген кызматынан бошотулганын Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу маалымдаган.
«Govori.TV» мультимедиалык агенттиги «Алмазбек Сабырбеков өз ордунда иштеп жатат» деген маалыматтан улам Спикердин кабылдамасына чалып байланышты. Катчы кыз анын иштеп жатканын дагы, иштен кеткенин дагы тастыктаган жок.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабековдун колу коюлган документтеги каталар кызуу талкууга түшүп, Жогорку Кеңештин маалымат кызматы катта чындап эле одоно каталар болгонун, бирок ал катты төрага өз колу менен жазбаганын билдирген. Кийинчерээк факсимиле жол менен кандай учурда кол коюла тургандыгы дагы ачыкталып, Жогорку Кеңештин маалымат кызматы дагы бир жолу ыңгайсыз абалда калган.