• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Спикер мыйзамсыздыкты канчага чейин жашырат?

18 Бирдин айы 2019 12:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.02.2019.Govori.TV.

Өткөн жылдын апрель айында БШК Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясындагы Жыргалбек Калмаматовдун ваканттык мандатын тизмедеги Насыр Мусаевге тапшырган. Жыргалбек Калмаматов өткөн жылдын январь айында жүрөк оорусунан каза тапкан эле. «НИМ компани» ОсООнун жетекчиси Насыр Мусаев ошол кезде Москвадагы клиникалардын биринде дарыланып жаткандыгы тууралуу тиешелүү документтер БШКга берилген.

видео kabarlar.org

    Ант берүү аземине майыптардын арабасы менен келген Насыр Мусаев өзү катышып, айрым ЖМКлар ант фонограмма менен берилгендигин жазып чыгышкан. Кызыгы, аталган эл өкүлү бир дагы сессияга катыша элек. Апрель май жана июнь айларында ден соолугу тууралуу справканы Жогорку Кеңештин аппаратына өткөрүп берген. Андан бери сентябрь айынан баштап, бир сессиялык мөөнөттө   39  жолу катышкан эмес. 

 Айта кетүүчү жагдай, Жогорку Кеңештин Регламентинде эл өкүлү бир сессия ичинде 30 же андан көп ирээт жүйөөлүү себептерсиз жыйналыштарга катыша албаса, мандаты мөөнөтүнөн мурда токтотула тургандыгы каралган. Ал эми ден соолугу иштегенге мүмкүнчұлұк бербеген жарандарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү Жобосуна ылайык (2011, 11-ноябрь, №727) медико-социалдык эксперттик комиссия 120 күндүн ичинде ишке жарамсыздык боюнча тиешелүү корутунду чыгарып бериши керек. Андай болбосо адам ишке чыгышы шарт. Бул талаптарга карабастан бир жылга чукул убакыттан бери Кыргызстан фракциясынын өкүлү бир да жолу жыйналыштарга катышкан эмес. Ошондой эле аталган депутат тууралуу коомчулуктун маалыматы жок.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков «Кыргызстан» фракциясынан.  

Количество просмотров: 18