Самат Токтоналиев Жаштар иштери, дене тарбия жан спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун жаштар саясаты боюнча орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.
Эске салсак, 2-ноябрда Мирлан Парханов берген арызынын негизинде мамагенттиктин директорунун орун басары кызматынан бошотулган.
Тиешелүү буйруктарга президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министри Садыр Жапаров кол койду.
Самат Токтоналиев 1979-жылдын 24-июнунда Нарын шаарында төрөлгөн. Буга чейин Жаштар иштери дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Спорттук курулуштар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары кызматын аркалап жаткан.