• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Спорт сарайы менен стадион оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборуна берилди

12 Чын куран 2023 10:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, ЖМК өкүлдөрү үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн куралдары жана долбоорлору боюнча тренинг өттү.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору коомдогу маанилүү маселелерди чечүү үчүн бизнес менен мамлекеттин өз ара аракеттенүүсүн үстүндө иш алып барат.

Анын негизинде саламаттык сактоо, курулуш, оңдоп -түзөө, тейлөө, модернизациялоо, эксплуатациялоо жана кызмат көрсөтүү тармагында жигердүү иш алып барганы айтылды.

Алсак, Саламаттык сактоо тармагына 12млн. доллардык гемодиализ үчүн салым кошкон.

Мындан сырткары борбордогу Кожомкул атындагы спорт сарайы, Спартак стадионун дагы ушул борбор аркылуу оңдоп -түзөө иштеринен өтөт.

Манас эл аралык аэропортун иштетүүнү дагы мамлекет ушул борбор аркылуу чечүүнү пландап жатканы белгилүү болду.

Количество просмотров: 39