• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Sputnik агенттигинин журналисти Исмаил Мамытов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

19 Теке 2018 16:31 Бишкек Govori.TV
Бишкек.19.07.2018.Govori.TV.
Бүгүн 19-июнда Sputnik Кыргызстан радиосунун жооптуу редактору, журналист Исмаил Мамытов 25 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу спутник кж сайты жазды.
Анда «журналист  Исмаил Мамытовду  оорудан улам каза болгону» жазылат.
Исмаил Мамытов 2015-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын адвокатура жана юриспруденция адистигин аяктаган. «Санжыра» радиосунда, «Манас жаңырыгы» телерадио компаниясында алып баруучу болуп эмгектенген.
2015-жылдын сентябрь айынан бери Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында мугалим, 2016-жылдын март айынан тарта Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунда иштеп келген.
Үстүбүздөгү жылдын 6-июлунда сүйүктүүсүнө баш кошуп, 12-июль күнү үлпөт тоюн өткөргөн.
Govori.TV сайты  Исмаил Мамытовдун жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын  тең бөлүшөт.
Количество просмотров: 7