• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Стамбулда өзү иштеген үйдү тоноп кеткен кыргызстандык кыз кармалды

3 Бештин айы 2018 12:02 Бишкек Govori.TV
Бишкек.03.12.2018.Govori.TV.
Туркиянын Стамбул шаарынын Зейтинбурну районунда Кыргызстандын жараны өзү иштеген үйдү тоноп кеткен. Бул тууралуу haberler.com басылмасы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, полицияга арызы менен үйдүн кожоюну кайрылган. Арыз ээси билдиргендей, ал кыз үй кызматкери болуп иштеп жүргөн. Кыз үйдүн сейфинен акчаларды жана баалуу буюмдарды уурдап кеткен.
Полиция кызматкерлери кабарлагандай, Кыргызстандын Е.Т. аттуу жараны сейфтен 16 миң лир, 2 миң доллар, сумка жана саат уурдап кеткен.
Шектүү кыз кармалган учурда анын үйүнөн уурдалган буюмдар жана акча табылган. Ал 1 миң лираны иштетип салгандыгы маалым болгон.
Количество просмотров: 32