• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Экология министри Кутманованы иштен кетиришти. Абировдун мушташын депутаттар иликтейт 

15 Жалган куран 2023 18:10 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТ ТҮРКИЯГА БАРАТ

Президент Садыр Жапаров 16-17-мартта Анкара шаарына (Түркия Республикасы) иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Түрк мамлекеттеринин Уюмуна (ТМУ) катышуучу-өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын Саммитинин кезексиз жыйынына катышат. Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жыйынынын темасы – “Кырсыктарды башкаруу жана гуманитардык жардам”. Тараптар табигый жана техногендик коркунучтардан улам келип чыккан табигый кырсыктар, ошондой эле жамааттык чара көрүү маселелерин талкуулашат.

Саммиттин ишине уюмга мүчө-мамлекеттердин – Кыргызствндын, Түркиянын, Азербайжандын, Казакстандын жана Өзбекстандын башчылары катышат. Алдыдагы саммиттин ишине Венгриянын премьер-министри жана Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин төрагасы байкоочу макамына ээ өлкөлөр катары катышат.

Сапардын алкагында мамлекет башчысынын Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуусу да пландалып, анын жүрүшүндө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкуула турганы кошумчаланды.

АБИРОВДУН ИШИН ДЕПУТАТТАР ИЛИКТЕЙТ

Парламентте депутат Жаныбек Абировдун мушташкан окуясын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Анын жыйынтыгы менен кесиптешин кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча башкы прокурордун сунушуна макулдук берүү же четке кагуу корутундусун чыгарат.

ЭКОЛОГИЯ МИНИСТРИ АЛМАШТЫ

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жамаатына министрдин милдетин аткаруучу Мелис Тургунбаевди тааныштырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Акылбек Жапаров белгилегендей, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине жаратылыш ресурстарын изилдөө, пайдалануу, кайра өндүрүү жана коргоо жаатында мамлекеттик саясатты жана укуктук жөнгө салууну иштеп чыгуу боюнча маанилүү тапшырмалар коюлган.
Акылбек Жапаров жаңы жетекчиге чоң ийгиликтерди жана бардык максаттардын ишке ашышын каалады.

Белгилей кетсек, президенттин жарлыгы менен буга чейинки экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова ээлеген кызматынан бошотулганы бүгүн кабарлаганган жана анын кызматттан кетүүсүнүн себеби так айтылган жок.

ЭЛЕКТРОНДУК КҮНДӨЛҮКТҮН НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ КАРМАЛДЫ

Билим берүү министрлигинин системасына киргизилген электрондук күндөлүк программасынын негиздөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 13-мартта окуучулардын жетишкендиктерин көзөмөлдөөчү программанын негиздөөчүсү  өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөмдөрүн жашыруу жана алдамчылык фактысы боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Бул программалык камсыздоонун башкы директору жана негиздөөчүсү материалдык жактан байуу максатында, кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алуу менен кош бухгалтерияны колдонуп, алынган кирешелер тууралуу жалган маалыматтарды берүү менен салыктарды төлөөдөн качкандыгы, натыйжада мамлекеттик бюджетке жылына 19 миллион сомдон ашык салык төлөмдөрү (КНС, СС) түшпөй калганы, жана ошондой эле ишенимге кирип, биргелешкен иштин кирешесинен түшкөн дивиденддерди убада кылып, алдоо жолу менен тең уюштуруучулардын акча каражаттарын өздөштүрүп алганы аныкталды»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

ЭКСТРЕМИСТТИК УЮМДУН ИШИ БӨГӨТТӨЛДҮ

Кыргызстандын аймагында ишмердүулугунө тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун “аялдар канатынын” жашыруун иши аныкталды. Бул тууралуу  УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан тыюу салынган диний агымдардын өкүлдөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттеринин алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында аталган уюмдун аныкталган мүчөлөрү экстремисттик идеологияны жайылтуу жана ага жаңы тарапкерлерди тартуу боюнча мыйзамсыз иш аракеттерди жүргүзүп келишкен.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында кылмыш иши боюнча айыпталуучу катары 3 адам камакка алынып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдарга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

9 ЖАШАР КЫЗ ЗОРДУКТАЛГАНЫ АЙТЫЛДЫ

Ош облусунун Өзгөн районунда 9 жаштагы кызды зордуктоо фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 14-мартында милицияга Өзгөн районунун тургуну арыз менен кайрылып, 9 жаштагы кызы зордукталгандыгын билдирген.

Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси боюнча катталып, жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Учурда кылмышты аныктоо жана кылмышка шектүүнү табуу боюнча ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 359