• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров Ош шаарынын ЖЭБине барды

17 Үчтүн айы 2023 13:50 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы жылуулук электр борборуна барды.

Жапаров объектинин абалы менен таанышып, жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн резервдик жабдыктардын жана отун запастарынын жетиштүү экендигинен кабар алды.

Ош шаардык ЖЭБ директору Нурлан Арапбаев ишканадагы жабдуулар штаттык режимде иштеп жатканын, жылуулук жана электр энергиясын иштеп чыгуу жана камсыздоодо мүчүлүштүктөр жок экенин белгиледи.

330 көп кабаттуу үйдү, 199 турак-жайды жана 88 социалдык объектини жылуулук жана электр энергиясы менен камсыздоочу 2 турбоагрегатор, 2 трансформатор, 2 ысык суу казандары иштеп жатат.

Министрлер кабинетинин башчысы ызгаардуу суук мезгил өтүп кеткени менен энергетиктер ишти күчөтүлгөн режимде улантуусу тийиш экендигин белгиледи. 

Акылбек Жапаров жылытууну акырындык менен борборлоштуруудан алыстатуу зарылдыгын белгилеп, жаңы турак жайларды долбоорлоодо автономдуу отканалар каралышы керектигин кошумчалады.

Андан соң Министрлер Кабинетинин башчысы Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү унаа тыгындары көйгөйүн чечүүгө мүмкүндүк берүүчү «Т» формасындагы жолдун долбоору менен таанышты.

«Эсептөө иштерин тездетип, быйылкы жылы долбоорду капиталдык салымдар беренесине киргизүү керек», — деди Акылбек Жапаров.

Количество просмотров: 51