• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Студенттер Билим берүү министрге эмне белек берди?

4 Тогуздун айы 2019 17:34 Бишкек Govori.TV

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин студенттери билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковду мугалимдердин кесиптик майрамы менен куттукташты.

Студенттер Каныбек Исаковго креативдүү идеялар, мыкты ойлор көп болушун каалап, Айтматовдун “Биринчи мугалим” чыгармасындагы эпизод түшүрүлгөн картинаны белек кылышты.

«Дал ушул сүрөт түшүрүлгөн картинанын сизге белек кылганыбыздын себеби бар. Айтматов бул повестти биздин өлкөнүн калыптануусуна арнаган. Ал убакта мамлекеттин өнүгүшү үчүн элдин билимдүү болушу керектигин сезген адамдар пайда боло баштаган. Эгер Дүйшөн повесттин каарманы болсо, сиз биздин замандын, Кыргызстандын билим берүү системасын жакшыртып, жаңы баскычка алып чыккан каарманы болушуңузду каалайбыз”,-деди университеттин 3- курсунун студенти Айгерим Таштанбекова.


Каныбек Исаков студенттерге ыраазычылык билдирип, алардын окууларына ийгилик каалады.


Соңунда министрлик менен университеттин студенттик парламенти билим берүү тармагындагы студенттердин идеяларын колдоо жана кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Количество просмотров: 871