• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Судья менен милиция капитаны пара алуу учурунда кармалышты

31 Тогуздун айы 201911:26 Бишкек Govori.TV

Кара-көл шаардык сотунун судьясы жана Кара-Көл шаарынын ИИБ кызматкери пара алуу учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМК КККнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 1-октябрында КР ИИМ Ички иликтөө кызматына И.Ф. кайрылган. Анда Кара-көл шаарынын ИИБ кызматкери Кара-көл шаардык соту Ы.П. менен биргеликте кылмыш ишинин оң өкүм чыгаруусу үчүн 100 000 сом пара талап кылган. Мындан тышкары эркиндигнен ажыратпаган бөгөт каралышы үчүн сот органдарына 30 000 сом пара берүүгө аргасыз болгон. Сотко чейинки өндүрүштүн матералдары КР УКМК Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренисинин 2-бөлүмүнүн 2-п. (Опузалап пара алуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

КР УКМК ККК жана ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте өткөзгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кара-көл шаарынын ИИБ кызматкери, милиция капитаны Б.М. Кара-Көл шаардык соту Ы.П. менен сүйлөшүп алып,ортомчу катары оң өкүм кабыл алуу үчүн пара алууда сүйөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Ошентип, 2019-жылдын 30-октябрында Кара-көл шаарында өткөн ыкчам-тергөө иш-чаранын жүрүшүндө талап кылынган паранын бөлүгү 20 000 сом акча каражатын алууда Кара-көл шаардык соту Ы.П. жана Каракөл шаарынын ИИБ башчысынын орун басары милициянын капитаны Б.М. кармалды.

Азыркы убакта КР УКМК Башкы тергөө башкармалыгы тиешелүү тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Количество просмотров: 403