Ош облустук сотунун судьясы өз жанын кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып жазды.
Маалыматка ылайык, сот реанимацияда жатат.
Ал эми милиция өз жанын кыюуга аракет кылуу фактысын каттоого алган.
Бейтап медициналык мекемеге бүгүн эртең менен түшкөн.
Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымат иликтенип жатканын кабарлады.