• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сулайманов акча алмаштыруучу жайларды жабуу боюнча мыйзам долбоорун чакыртып алууну сунуш кылды

20 Чын куран 202020:09 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов валюта алмаштыруу бюролорун жабуу боюнча мыйзам долбоорун чакыртып алууну сунуш кылды.

«Аталган мыйзам долбоорун мен колдобойм. Биринчиден, элге ыңгайсыз болуп, банктарга кезек күткөндөр көбөйөт. Экинчиден, туристтерге ыңгайсыз. Үчүнчүдөн, бул кадам акча алмаштыруучу жайларда иштеп, өз арабасын өзү тартып жүргөн жарандарыбыздын нанын тартып алганга барабар болот»,-деп жазды депутат.


Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда акча алмаштыруучу жеке бюролорду жабуу сунушталууда. Жогорку Кеңеште бул тууралуу иштелип чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

https://www.facebook.com/altynbek.sulaimanov/videos/2885012331619285/

Количество просмотров: 123