• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Сулайманов: Атамбаевдин өлкөдөгү коррупция, негатив жөнүндө сүйлөгөнгө моралдык укугу жок

12 Кулжа 201910:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.06.2019.Govori.TV.

Эки жүздүү Атамбаев экс-президент статусун көтөрө албай жатат. Мындай пикирин ЖК депутаты Алтынбек Сулайманов өзүнүн фейсбук баракчасына жарыялады.

«Экс-президент Алмаз Атамбаевдин 8-июнда сүйлөгөн сөзүн уктум. Ал кишинин өлкөдөгү коррупция, негатив жөнүндө сүйлөгөнгө моралдык укугу жок. Алмаз Атамбаев сот системасына, укук коргоо органдарынын иштегенине нааразы болсо, өлкөдөгү кемчиликтерди белгилеп жатса, анда 6 жыл өлкөнү башкарган киши катары күнөөнү бирөөгө оодарбай, суроону өзүнө берсин. Эгер Алмаз Атамбаев өзүнүн башкарып турганда кылган кемчиликтерин унутуп калган болсо, эл ал нерселерди унуткан жок. Экс-президент кетирген катачылыгымды оңдойм десе, анда саясатка аралашпай тынч отурсун. Башка бир мусулманды мунафик, каапыр деп атаганы, ал кишинин экс-президент деген статусту көтөрө албай жатканынан кабар берет. Ушундай кырдаалда Сооронбай Шариповичтин сабырдуулугуна дагы бир жолу баа бердим. Өлкө башчыбыздын коррупция менен күрөшүнө баарыбыз колубуздан келишинче жардам беришибиз керек!»,-деп жазды Сулайманов.

Эске салсак, 8-июнда экс-президент Атамбаев катышкан Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) митингинде бийликке карата беш талапты ичине камтыган резолюция кабыл алынган. Анда Алмазбек Атамбаев «саясий куугунтук токтобосо, президент Сооронбай Жээнбековду бийликтен кетүүгө чакырык таштай турганын» ачык жарыялаган.

Количество просмотров: 15