Добушуңарды миң сомго эмес, 10-20 миң сомго саткыла. Бул тууралуу ЖК депутаты Алтынбек Сулайманов “Парламентаризм сабактары” берүүсүндө интервью берип жатып, журналисттин «алдыдагы шайлоодо добуш сатып алууну кантип токтотсо болот?» деген суроосуна жооп берип жатып айтты.
Добушту 1000 сомго эмес, жок дегенде кымбатыраак 10-20 миңге сатыш керек. Бул он эсе кымбатыраак болуп, 300 миңдик мандат автоматтык түрдө 3 миллион долларга айланат. Ошентип эл олигархтарды жазалайт. 3 миллион долларга мандат сатып алыш утушту алып келбейт. Ошондо акылдуу, билимдүүлөр келет“,-дейт Сулайманов.