• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Сулайманов: Өкмөт мындан да көп кыскартууларга барса болмок

2 Бирдин айы 2021 19:06 Бишкек Govori.TV

Өкмөт мындан да көп кыскартууларга барса болмок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов билдирди.

«Иш канчалык деңгээлде эфективдүү алдыга жылат эми убакыт берип көрүш керек. Бүт дүйнөдө ар бир өкмөттүн ишине 100 күн ичинде баа берилет. Эгер 100 күндө ишке ашпаса, чоң тоскоолдуктар болот. Азыркы кыскартууда кемчиликтер бар, бирок мүмкүнчүлүк бериш керек»,-деди Сулайманов.

Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке 42 жаштагы Улукбек Мариповдун талапкерлигин сунуштап, парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети 2-февралда премьер-министрлик кызматка талапкерди, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын карап жактырып, жалпы жыйынга жиберди. Марипов өкмөттүн курамы 22ден 16га чейин кыскара турганын айткан.

Количество просмотров: 190