• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Сулайманов: Майлуу-Суудагы авария боюнча иш козгош керек

22 Бирдин айы 202310:27 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-февралда Жогоргку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов Майлуу-Суудагы авария, келтирилген чыгым боюнча маселе көтөрүп, жергиликтүү бийликтин ишин сынга алды.

«Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин 21-февралдагы жыйынында “Майлуу-Суу шаарында катуу сууктан улам муздак суу жана жылуулук берүү тутумдарына келтирилген чыгымдарды талкууладык. Ал жердеги жергиликтүү бийликтин кызматкерлери мэрден баштап, шаардык суу чарба башкармалыгынын шалаакылыгы деп эсептейм. Чыгымды 44 млн деп эсептеп келишиптир, тыгыз көзөмөлгө алуу керек. Алардын кызмат ордун карамак турсун, укуктук дагы баа берүү керек. Канчалык деңгээлде өз милдеттерин так аткара алганы боюнча. Азыр келип алып мамлекетке «бизде ушунча чыгым болду, төлөп бергиле» деп жатышат. Өздөрүнө төлөттүрүп, иш козгош керек»,-деди депутат.

Эске салсак, 12-13-январь күндөрү катуу сууктун кесепетинен улам, Майлуу-Суу шаарында таза суу берүү системасынын башкы суу сактагычында жана суу берүүчү түтүктөрдө суулар тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөгөн. Натыйжада Майлуу-Суу шаарынын инфраструктурасы бузулуп, жергиликтүү тургундарга таза суу, жылуулук берүү токтоп, айрым турак үйлөрдө, мекеме-ишканаларда саркынды суулар агуучу түтүктөр тоңгон. Түзүлгөн өзгөчө кырдаалдын кесепетинен келтирилген чыгымдар алдын ала жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык 43 млн 815 миң сомду түзгөн.

Количество просмотров: 57