Бишкек.25.04.2019.Govori.TV.
Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов жана “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов “Кыргызстанда уран кенин изилдөөгө, чалгындоого жана казууга 2070-жылга чейин мораторий киргизүү боюнча” мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Бул тууралуу «Govori.TVга» демилгечилердин бири, депутат Алтынбек Сулайманов билдирди.
Ал: «Уранды иштетүү, чалгындоо иштери, деги эле уран темасын 50 жылга жабалы деп жатабыз»,- деген пикирин айтты