• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Султанбаев Бишкектин мэри эмне үчүн алмашканы боюнча билдирүү таратты

24 Бирдин айы 2022 18:33 Бишкек Govori.TV

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Бишкектин мэри эмне үчүн алмашкандыгына комментарий берди.

“Айбек Жунушалиев борбордун турмушун, муниципалдык түзүмдөрдүн ишин жакшыртуу боюнча белгилүү иштерди жүргүздү.

Эми ага мындан кем эмес жооптуу жана татаал иш чөйрөсү ишенип берилди. Мында борбордук бийликтин чечимдеринин аткарылышын айыл өкмөттөрүнөн тартып министрликтерге жана ведомстволорго чейин бардык деңгээлинде көзөмөлдөө зарыл.

Жаңы кызматта ал мыкты жыйынтыктарды көрсөтөрүнө ишенебиз.

Өз кезегинде Бишкектин жаңы мэрине борбор калааны эффективдүү өнүктүрүүнү камсыздоо боюнча артыкчылыктуу тапшырмалар берилди.

Ошондой эле президенттин администрациясынын президенттин жана иинистрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгынын мурдагы башчысы Кубатбек Кожоналиев башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулганын билдиребиз”, — деп билдирди президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

Количество просмотров: 200