• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Султанбековду атасы менен чогуу кармап кетишкени айтылды

14 Жетинин айы 20249:35 Бишкек Govori.TV

13-ноябрдан 14-ноябрга караган түнү саат 04:30 чамасында Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Социал — демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун үйүнө барганын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Кадыр Атамбаев Фейсбуктагы баракчасында түз алып көрсөттү.

Ал милиция кызматкерлери Темирлан Султанбеков менен атасына кол салды деп айтты.

«Султанбековго жана атасына кол салышты. Экөөнү унаага сүйрөп түшүүгө аракет кылып жатышат. Бул мыйзамсыз! Анын шаардык кеңештин депутаттыгына (талапкер катары) иммунитети бар!» — деп билдирди Кадыр Атамбаев.

13-ноябрда кечинде “Социал-демократтар” партиясынын Бишкек шаарындагы кеңсесине укук коргоо органдары тинтүү жүргүзгөнү барган.

Көп өтпөй Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы Ирина Карамушкина менен Данияр Чолпонбаев аттуу жарандын телефондон сүйлөшүүсү делген аудио боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Бишкек шаардык милициясы тинтүүдөн мурдараак Кылмыш-жаза кодексинин “шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен иш ачылып, териштирүү иштери жүрүп жатканын маалымдаган.

Количество просмотров: 100