• Жекшемби 26 Теке 2026
  • Воскресенье 26 Июль 2026

“Супара-2” этно комплексинин аймагында өрт чыкты

24 Бугу 202111:34 Бишкек Govori.TV

Чүйдүн “Супара-2” этно комплексинин аймагында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Чуңкурчак капчыгайындагы “Супара-2” этно комплексинин аймагында жайгашкан контейнердин 35 чарчы метр ички жыгач жасалгасы күйгөн.

«Чункурчак айылында «Супара» этно комплексинин аймагында кампадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 02:25те Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм, кошумча саат 02:36да Свердлов райондук №7 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылган», — деп айтылат маалыматта.

Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 898