• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Супермаркеттин алдында чуу салгандар кармалды

5 Теке 202316:30 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда супермаркеттин алдында ызы-чуу салган жигиттер кармалды. Алар Жалал-Абад шаарынын 21 жаштагы төрт тургуну.

Облустук милициянын маалыматына караганда, 2-июль күнү болжол менен саат 20:00дөр чамасында шаардагы супермаркеттин биринин алдында топ балдар ызы-чуу салып жаткандыгы боюнча милицияга билдирүү түшкөн.

Бул окуя Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган. Аталган окуяга катыштыгы бар делип кармалган 4 жигит милиция бөлүмүнө жеткирилип, учурда окуянын калган катышуучуларын аныктоо иштери жүрүүдө.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ызы-чуу ич ара пикир келишпестиктен улам келип чыккан.

Количество просмотров: 138