• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

SuperTV каналынын кызматкерлерине Ак үйгө кирүүгө тыюу салынды

18 Бугу 2022 15:31 Бишкек Govori.TV

SuperTV телеканалынын журналисттерине Ак үйгө кирип, парламенттин ишин чагылдырууга убактылуу тыюу салынды. Маалыматты Govori.TVга Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Эркинбек Каимов тастыктады.

Маалыматка караганда, мындай чечим телеканалдын журналисти менен депутат Надира Нарматованын окуясынан кийин кабыл алынган.

“SuperTV телеканалынын кызматкерлерин өткөндө депутат менен болгон окуядан кийин сүйлошүүгө чакырдык, бирок келишкен жок. Алар менен бетме-бет сүйлөшүп, алдыдагы кызматташтыкты тактоо менен ички тартипти жана алардын оюн билели дегенбиз. Чакырсак келбей коюшту, азырынча тизмеге киргизилген жок. Келишсе сүйлөшөбүз”, — деди Каимов.

Ал эми SuperTV телеканалынын журналисти Тахмина Кенжебек кызы бүгүн, 18-майда парламенттин ишин чагылдыруу үчүн барып, тизмеден алынып калганын айтты.

«Бүгүн Жогорку Кеңешке кире ала тургандардын тизмесинен алынып калганыбызды билдик. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Эркинбек Каимов 12-май күнү өзү байланышкан. Бирок ал күнү менин монтажым бар болчу. Кийинки күнү байланыша турганын айткан. Бирок чалышкан жок, эч кандай эскертүү берилген эмес. Биз муну журналисттердин маалымат алуу укугун чектөө жана мыйзамды бузуу деп кабыл алып жатабыз”, — деди журанлист Тахмина Кенжебек кызы.

Эске салсак, 11-майда SuperTV каналынын журналисти Тахмина Кенжебек кызы Жогорку Кеңештин ашканасын тартып жүргөн учурда депутат Надира Нарматова экөөнүн ортосунда чыр чыккан. Депутат тамак ичип отурганда тартпоо керектигин айтып, ортодо пикир келишпестик жаралган.

Количество просмотров: 76