Бишкек.30.05.2019.Govori.TV.
Бүгүн депутат Элвира Сурабалдиева парламенттин жыйында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын башчысынын орун басары Эмил Жамгырчиевге: «Райымбек Матраимов тууралуу иликтөөсүн «Азаттыктан», сыналгыдан көрдүңүзбү?», — деп сурады.
Э.Жамгырчиев бүгүн эртең менен көргөнүн айтты. Ал эми депутаттын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы иликтөө баштадыбы деген суроосуна (мыйзамсыз баюу боюнча): «Иликтөө 3 ай мурун башталган. «Азаттыкка» да иликтөө боюнча өзүмдүн пикиримди билдиргем. Мыйзамсыз баюу боюнча прокуратура дагы өз маалыматын берген. Иш-чаралар жүрүп жатат», — деп жооп берди.
Жамгырчиевдин мындай жообуна эл өкүлү: «Атамбаевдин жан сакчысына 1 айда эле иш козгоп койдуңар. А бул жерде 3 айдан бери эч нерсе таба албай жатасыңарбы?»,-деген пикирин айтты.
Мындан тышкары, Сурабалдиева Матраимовдордун тегерегиндеги маалыматтарды бүгүн парламенттен бир да эркек депутаттын көтөрбөгөнүн айтып, бул уят нерсе экенин белгиледи.
» Аксакалдарга келечек кереги жок болсо экөөбүзгө керек. Кыргызстандын бардыгы азыр бизди карап жатат. Сөздүн ачыгы ушундай, чоң скандалдуу видеотасмадан кийин иликтөө башталбаганына таң калып жатам. Кыргызстанда кыйын учурда Курманжан датка, Роза Отунбаевалар чыккан. Бүгүн саат мына төрт болду, ушуга чейин бир да эркек депутат ушул маселени көтөрүп чыкпаганына мен аябай уялып жатам. Намыс деген нерсе болуш керек», — деди депутат.
Эске салсак, «Азаттык» Матраимовдордун карааны көрүнгөн иликтөө жарыялаган. Анда бир туугандарга тийиштиги бар делген компаниялардын жана ишкерлердин миллиондоп которгон акчалары тууралуу баяндалат.