Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева зордук-зомбулукка кабылган аялдар тууралуу пикирин билдирди.
Анын айтымында, коомдо үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жеңил мамиле болуп жатат.
«Бүгүн Парламентте депутат айымдар аталган маселени көтөрдү. Буга байланыштуу Өкмөттүн дагы маалыматын угалы деп жатабыз. Зомбулукка иш козголгону менен натыйжада аялдардын өздөрүн күнөөлү деп таап коюшат экен. Мына бүгүн деле эркек депутат кесиптешим айтып жатат: «мүмкүн жолдошу мас келсе, аялы туура эмес сүйлөп койду» -деп. Жаныбызда отурган кесиптештеримдин түшүнүгү, деңгээли ошондой экени мени өкүндүрдү» ,-деди депутат Сурабалдиева.