• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Сурабалдиева: Кумарканаларды ачууга каршымын

30 Жалган куран 2022 15:43 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева кайрадан кумарканаларды ачуу тууралуу айтылган демилгеге каршы экенин билдирди.

«Бизге буга чейин өкмөттө иштеп жүргөндө да ушул кумарканалардын айынан жабыр тарткан жарандар кайрылышчу. Бул жагдайда жабыркагандардын көбү аялдар, энелер. Алардын көз жашы жөн жерден эмес да, канчалаган тагдырлар сынды. Бул маселени кайра эле Министрлер кабинети көтөрүп жатат… Бирок, мен аларды деле түшүнүп жатам, экономика жагы, бир топ адамарды жумушсуз калтырганбыз деп жатышат. Азыр мигранттарыбыз да кайтып келсе жумуш керек деп жатышат, биздин экономикага салым болот дешүүдө. Мунун дагы бир жагы казинолорду расмий жапканыбыз менен расмий эмес түрдө иштеп эле жатат», — деди депутат.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары Бактыбек Турусбеков менен Дастан Жумабеков Ысык-Көлгө казино ачуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган. Мамлекет башчы Садыр Жапаров дагы бул идеяны колдой турганын билдирген. Бирок каршы чыккандар дагы болуп, талаш жаралган. Аталган демилге ЖКда биринчи окуудан өтүп, кийин ошол бойдон каралган эмес.

Количество просмотров: 85