• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Сурабалдиева: Виртуалдык фейктердин ордуна турмуштагы фейктер менен күрөшпөйсүңөрбү?

25 Кулжа 2020 14:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25- июнда, депутат Элвира Сурабалдиева виртуалдык фейктердин ордуна турмуштагы фейктер менен күрөшүү керектигин айтты.

Анын айтымында, адамдар адилетсиздикке туш болуп, айласы кеткенде интернетке жазышат.

“Интернетке чыккан маалыматтар көп учурда чын чыгат. Муну коронавирус пандемиясы учурунда да көрдүк. Соцтармактарга чыккан маалыматтарды текшере келгенде алар чын чыгып жатты. Ошондуктан, биз бул мыйзамды жамынып алып, сөз эркиндигин чектебешибиз керек. Интернет чыныгы атаандаштык, маалымат атаандаштыгына жол бергиле”,-деди депутат.

Ошондой эле Сурабалдива эгерде кайрадан өзгөчө абал киргизиле турган болсо адамдар көйгөйлөрүн бир гана интернет аркылуу жеткире алышарын кошумчалады.

Количество просмотров: 201