Вируска карата чек аранын жабылышы экономикага чоң таасирин тийгизет. Бул тууралуу эл өкүлү Эльвира Сурабалдиева билдирди.
«Кытайда кеңири тараган вируска карата чек аранын жабылышы экономикага чоң таасирин тийгизет. Бир нерсени моюнга алышыбыз керек, 30 жылдан бери Кыргызстан өзүбүздүн өндүрүштү өнүктүрбөй, Кытайдан сатып алган товарларды башка мамлекеттерге реэкспорттоо менен миллиондогон жарандар оокат кылат. Аталган практика бүгүнкү күнгө чейин келе жатат. Эл арасында Кытай Эл Республикасына нааразычылыктар айтылганы менен экономика жаатында байланышыбыз тыгыз»,-деди депутат Сурабалдиева.