• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Сурактан кийин Жолдубаева бошотулду

9 Баш оона 20199:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 09.08.2019. Govori.TV

Адвокат Замир Жоошев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева атайын кызматтын жоокерлерин барымтага алуу боюнча Ички иштер министрлигинде күбө катары сурак бергенин маалымдады. Ал азыр бошотулду. Бирок, алар менен чогуу кирген Фарид Ниязов жана Атамбаевдин жан сакчылары боюнча маалыматы жок экенин айтты.

8-августта күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Аны саат 19:00дөр чамасында күч органдары Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармап алып кеткен. КСДПнын өкүлдөрү Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке алынып келингенин кабарлашкан.

Количество просмотров: 13